Баткен облусунун Кадамжай районундагы убактылуу кармоочу жайында экстремисттик уюмду түзүүгө шектелип кармалган 46 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургунунун саламаттыгы начарлыгын жүйөө келтирип, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна кабыл албай коюшкан. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, убактылуу кармоочу жайдын башчысынын айтымында, аталган жаранды Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери текшерүүгө алышкан. Алар шектүүгө операция талап кылынарын айтып, ага уйку безинен залалдуу шишик диагнозу коюлуп, аталган илдеттин натыйжасында сарык да пайда болгондугу тастыкталган.
"Шектүүнү Ош шаарындагы тергөө изоляторуна киргизбей коюшкандыктан, ал кайрадан Кадамжай районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы тапта кылмышка шектүүнүн абалы өтө начар. Мыйзамга ылайык, аны №5 тергөө изоляторуна которуу зарыл", - деп жазылат маалыматта.