ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: Куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков 56 жашка толду. "Бүгүн туулган күн тоспойм" дейт ырчы

Бүгүн, 2-ноябрда куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков 56 жашка толду. Кубик Калыковду туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, бүгүн туулган күн тоспой, тойго конок катары барарын айтты.

"Бүгүн туулган күнүмдү тоспойм. Себеби, бүгүн менин биринчи клибимди тарткан режиссёр Рустам Аташов кызын узатып той берип жатат. Ошол жакта болобуз. Кечээ дагы Самат Эркинбековдун тоюна барганбыз. Эртең дагы той бар экен. Кыскасы үйдө боло албай жатабыз. Туулган күнүмдү куттуктап үйгө келебиз дегендерге үйдө болбоорубузду айттык", - деди Кубик Калыков.

Мындан тышкары, ырчы ден соолугуна байланыштуу азырынча үйдө эле болуп жатканын айтты.

Кубик Калыков тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Бала кези.
    Салмагы 42 килограмм болгондуктан аскерге кабыл албай коюшкан. Арадан 2 жыл өткөн соң бир аз салмак кошуп, анан Москвадан өз милдетин өтөп келген
  • "Жубайымды биринчи көргөндө жактырып, экинчи жолукканда боёксуз кандай көрүнөрүн билүү үчүн сууга алып барып бетин жууп салсам, үчүнчү жолугушууда ала качып кеткем" деген ырчы өз маегинде.
  • Кубик Калыковдун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Менде кыйраткан деле үн жок, балдарымды багуу үчүн ырчы болгом" деп айтканы бар.
  • 2009-жылы буту катуу ооруп, операция жасаткан;
  • Кызы Айпери Кубик кызы ата жолун жолдоп, шоу-бизнестен өз ордун тапкан.

Белгилей кетсек, Кубик Калыков 1965-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында туулган. 1980-жылы туулуп-өскөн айылындагы М.Горький атындагы орто мектепте 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы маданият техникумуна тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Москвада аскердик кызматын өтөгөн.

Ал эми 2010-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. Учурда анын 100дөн ашуун обондуу ырлары, 30-40тай сатиралары бар.

2-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-11-02 16:12:03
Ден соолукта омурлу болунуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан