Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычында суу кыш баштала электе эле 12 миллиард кубдан ылдый түштү

Бүгүн, 2-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 920 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"2-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 920 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 209 метр куб, агып чыгышы 469 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2020-жылдын 2-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 747 миллион метр кубду түзгөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан