Бүгүн, 2-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна 67 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Марлен Асикеев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда жергиликтүү балбан Углиеса Гаич менен кез келди.
Кыргыз балбаны биринчи бөлүк башталганда эле атаандашына 4 упайлык ыкма жасады, андан кийин артына өтүп дагы бир жолу 4 упайлык ыкма жасап, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен Марлен Асикеев Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты.