Мирбек Иманбеков төш белги менен сыйланды. Маданият, искусство кызматкерлерине сыйлык тапшырылды

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бир катар маданият өкүлдөрү сыйланышты. Сыйлык тапшыруу салтанаты бүгүн, 2-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында орун алды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, маданият жана искусство тармагына үзүрлүү эмгек өтөгөн алдыңкы кызматкерлер "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты.
Сыйлык тапшыруу министр Азамат Жаманкуловдун катышуусунда өттү.
Сыйлануучулардын арасында борбордогу жана аймактардан келген театр, окуу жай, музей, кино, китепкана, эстрада, кол өнөрчүлөр, райондук маданият бөлүм башчылар бар.
2-ноябрь Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Майрам 1995-жылдан бери белгиленип келет. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ErkinOkenovich
2021-11-02 17:26:21
Кут болсун медаль ээлерине
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан