Дүйнө чемпиондугу: Нурмухаммет Абдуллаев жеңилүү ызасын тартып калды

Бүгүн, 2-ноябрда Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери уланды.

Бул Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта катышкан Нурмухаммет Абдуллаев алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда грузиялык Придон Абуладзе аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде атаандаштын пайдасында аяктады.

Экинчи бөлүктө атаандаш эки упай алса, кыргыз балбаны 1 упай алууга жетишти. Жыйынтыгында жалпы эсеп 3:2 болуп, Нурмухаммет Абдуллаев жеңилүү ызасын тартып калды.

Кыргыз балбанынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү грузиялык балбандан көз каранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан