Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, карактоо фактысы 23-октябрда орун алган.
"Москва көчөсү менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишинен шаар тургунуна белгисиз жаран бычак такап, уюлдук телефонун тартып алган. Келтирилген зыяндын баасы 7 жарым миң сомду түзгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.