Бүгүн, 2-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна 82 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Бексултан Назарбаев алгачкы жүрүшүндө эле жергиликтүү Бранко Ковачевич аттуу балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүктө атаандаш активдүү күрөшпөгөндүгү үчүн кыргыз балбанына бир упай берилип, атаандаш партерге коюлду. Тилекке каршы, Бексултан Назарбаев аны аткара алган жок. Экинчи бөлүктө кыргыз балбаны активдүү күрөшпөгөнү үчүн партерге коюлду. Андан сербиялык балбан 4 упай ала алды.
Жыйынтыгында жалпы эсеп 5:1 болуп, кыргыз балбаны жеңилүү ызасын тартып калды.
Бексултан Назарбаевдин Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү сербиялык балбандан көз каранды.