Коронавируска каршы эмделгендер эс тутум клеткаларынын дельта штаммына каршы келүүгө жетишпей калгандыктан ооруп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Гамалея улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун директору Александр Гинцбургга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Эмдөө алгандар ооруну жуктуруп алышат, анткени дельта штаммында эс тутум клеткалары иштөөгө үлгүрбөй калат. Дельта штамм клеткалар менен өз ара аракеттенүү мүнөзүн өзгөрттү жана клеткалардын ичинде бар. Вирус антителолордун төмөн деңгээлинин фонунда клеткаларга кире алат", - деген Гинцбург.
Гинцбург эреже катары алты-сегиз айдан кийин ооруп калгандарда антителолордун титрлери төмөндөй баштайт, бирок эс тутум клеткалары калат, алар инфекциядан кийинки экинчи же төртүнчү күнү антителолорду чыгара башташат деп түшүндүргөн. Окумуштуу белгилегендей, вирус бир клеткадан экинчи клеткага тарайт, алардан чыкпай абдан чоң өлчөмдө чогулат.