Нигериянын Лагос шаарында жаңы курулуп жаткан 22 кабаттуу имарат кулап, ондогон адамдарды басып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-ноябрда Лагос шаарындагы жаңы курулуп жаткан 22 кабаттуу имарат толугу менен кулап түшүп, андагы иштеп жаткан адамдарды толугу менен басып калган. Жергиликтүү маалымат каражаттары тараткан маалыматтарга караганда, каргашалуу окуядан 6 адам каза болгону белгилүү болду. Ал эми 4 адам урандылардын астынан аман-эсен табылган. Анткен менен дагы ондогон адам дайынсыз бойдон калууда.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, кулаган имараттын астында 50дөн ашык адам болушу ыктымал. Азырынча окуяга эмне себеп болгондугу тактала элек. Куткаруучулар тарабынан дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө иштери уланып жатканы кабарланды.
Имарат менчик компанияга таандык болгон. Курулуштун ээси да каргашалуу окуя болгон учурда имараттын ичинде болгондугу айтылууда.