Ооганстанда кайрадан жардыруу уюштурулуп, 23 адам каза тапты

Кабул шаарында ооруканалардын биринин жанында жардыруу уюштурулуп, кеминде 23 адам каза тапты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттарына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, жардыруу Кабулдагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратына жакын жерде жайгашкан оорукананын жанында орун алган. Окуяга күбө болгон айрым адамдар жардырууну "Ислам мамлекети" террордук тобунун адамдары ишке ашырышы мүмкүн деп болжолдошууда.

Каргашадан улам оор жаракат алган 50дөн ашуун адам ооруканага жиберилгени айтылды. Ошондой эле акыркы маалыматтар боюнча, жардыруудан каза тапкандардын саны 23 кишиге жеткен.

Эске салсак, буга чейин Ооганстандын Кундуз провинциясындагы шииттердин мечитинде да жардыруу уюштурулуп, 100 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан