Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №27 түзөтүү абагына акча каражатын киргизүү фактысы катталды. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан соттолуучуга 2 миң сом акча каражатын шымынын куруна тигип, абакка киргизүү аракетин көргөн жаран кармалган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жарандарга мындай кылмыштар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазага тартыларын эскертет. Ошондой эле ЖАМК тааныш эмес же чала тааныган адамдардан соттолгондорго берип коюу үчүн эч кандай буюм-тайым албоосун сунуштайт.