Эл артисти Гүлнур Сатылганова келиндүү болду. Эки жаштын ак тою тойканалардын биринде орун алды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова келиндүү болду. Ырчынын уулу Арназ сүйүктүүсү Элинага баш кошуп, борбордогу тойканалардын биринде үйлөнүү үлпөт тоюн белгиледи.

Эл артистинин жана анын уулунун жакшылыгына маданият, шоу-бизнес өкүлдөрү катышып, сыйлуу конок болушту. Баш кошкон түгөйлөр ак бийи үчүн апасынын (ред.: Гүлнур Сатылганованын) репертуарындагы ырлардын бирин тандашкан. Салтанатта эстрада ырчыларынын обондорунан тышкары классикалык музыка жаңырып турду.

Буга чейин Гүлнур Сатылганованын уулу Арназ ноябрь айында үйлөнөрү белгилүү болгон.

Ырчынын уулу Арназ Кыргыз-Түрк лицейин ийгиликтүү аяктап, Кытайдын Далянь шаарындгы Эл аралык бизнес жана экономика университетинде билим алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nuria.5150
2021-11-03 01:26:56
Куш бооңор бек болсун , ийгилик...
+9
Turdueva
2021-11-03 21:21:20
Куш боосу бек болсун, аллахым бак берсин
0
Sajakat14
2021-11-03 21:48:45
Бактылуу болгула
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан