Чүйдө кыз ала качып бара жаткан балдар "Сосновка" постунан кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында №5 взводунун инспекторлору Лексус унаасын токтотушкан. Ал эми буга чейин Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 2003-жылы туулган кызды 2 бала Талас облусу тарапка ала качып кетиши мүмкүн деген маалымат түшкөн.
Ошол замат "Перехват" планы жарыяланып, унаа токтотулган. Анда кыз балдар аны күч колдонуп ала качып бара жатышканын айткан.
Учурда бул ишти Жайыл РИИБинин тергөө бөлүмү териштирүүдө.