Орусияда алдамчылык үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Орусияда алдамчылык үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен Орусиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн биргелешип жүргүзгөн иштеринин натыйжасында, ири алдамчылык аракеттери үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып кармалды.

Издөөдө жүргөн жаран алдоо жолу менен жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларга олуттуу чыгым келтиргени аныкталган. Шектүү Жалал-Абад облусунун 1982-жылы туулган Э.О. аттуу тургуну. Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.

Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелип 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн.

Шектүү ошондой эле 2015-жылдан бери Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн. 2016-жылдын сентябрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, өлкөгө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан