Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов жетектеген корпорация Беларусь бюджетинен акча уурдаган деп шектелүүдө

Даниил Урицкий жетектеген Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясы (БНБК) бюджеттен каражат чыгарган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Беларусь өлкөсүнүн оппозициялык "The Бульба" телеграм-каналы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, The Бульбанын материалында аталган долбоор 5 жылдан бери толук кубаттуулукта иштей электиги, заводдордун көбү курула электиги, Беларусь менен Кытайдын биргелешкен ири долбоорунун баасы 733 миллион доллар экени айтылат. 2019-жылы "Кошт Урада" долбоору БНБКнын ишмердүүлүгүн изилдеп, корпорация түзүлгөн жана иштеген схема бюджеттик акчаны жеке бизнеске чыгарууга абдан окшош деген жыйынтыкка келген.

Эске салсак, улуттук биотехнологиялык корпорация жабык акционердик коом. Беларусь 25 пайыз акциясына гана ээлик кылат. Калганынын баары чет элдик компанияларга бөлүнгөн.

Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деген ысым менен Беларуста жашайт деген маалымат жергиликтүү маалымат булактарына биринчи жолу 2017-жылдын декабрь айында чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kamchy-bek
2021-11-03 12:44:41
Түгөнгүр , тажабайт экен да
+1
Aimani
2021-11-03 14:05:28
Чала болот ошол Лукашенко чалга.Бакиев кошо отургузуп кетсе экен.
+1
Aibek_eka
2021-11-03 14:16:40
Бору баласы ит болбойт.ууру урдайберет
+4
KaGaH
2021-11-03 15:28:48
Үйрөнгөн адат да )))
0
Simels
2021-11-03 16:08:19
Негизи кыргыздар любой иштен, любой жерден шабашка кылатта))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан