Бишкек-Ош жолунда Газель унаасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 302-чакырымында унаа толугу менен күйгөн.
Өрт өчүрүүчү бөлүмү белгиленген аймакка саат 17:00дө жетип, 17:02де курчоого алып, 17:50дө толугу менен өчүрүшкөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.