Жакынкы убактарда Нур-Султан - Бишкек аба каттамы жанданат

Казакстан Нур-Султан-Бишкек каттамын жандантат. Жакынкы аралыкта эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда аба байланышын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети билдирген.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан-Бишкек каттамын "E190-E2/A-320" учактары менен "Air Astana" авиакомпаниясы аткарат. Ошондой эле каттамдар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен жана авиакомпаниянын сайттарында жарыяланган графикке ылайык аткарылары белгиленген.

Азыркы учурда жарандар Бишкек-Алматы, Ош-Алматы каттамы боюнча гана Казакстанга бара алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан