“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКсынын директору пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад облусундагы капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган. Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.
“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде «оң жагына чечүү» үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды. 2-ноябрда "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКсынын директору К.Т. кылмышка шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.