Панамадагы "Игра в Кальмара" сериалынын стилиндеги кечеде атышуу болуп, сегиз киши каза болуп, дагы бир нечеси жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 29-октябрда болгон. Атышууну эки жаат болуп урушуп жаткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү ачкан деп болжолдонууда. Жалпысынан атышуу учурунда беш киши окко учуп, дагы үч адамдын сөөгү жакын жердеги таштанды челектен табылган.
Атайын операциянын жүрүшүндө полиция кызматкерлери эки “оюнчуну” кармашкан.