Орусиянын Тверь облусунда 11 жана 13 жаштагы эки өспүрүм от менен ойноп жатып, кокусунан үйдү өрттөп алышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки өспүрүм көчөдө ойноп жүрүп, аэрозоль банкасын алып келип өрттөп, жыгач үйгө ыргытышкан. Жыйынтыгында жыгач үй өтө тездик менен өрттөнүп, бир нече мүнөттүн ичинде имарат толугу менен күйүп кеткен.
Өрт өчүрүлгөндөн кийин үйдүн экинчи кабатынан эки эркек жана бир аялдын жансыз денеси табылган. Ал эми от менен ойногон мектеп окуучулары кийинчерээк табылган. Алар имаратты кокусунан өрттөп алышканын тастыкташкан. Орусиянын Тергөө комитети "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.