Бишкекте өспүрүмдү сүзүп качып кеткен Chevrolet унаасынын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"2021-жылдын 29-октябрында болжол менен саат 17:00 чамасында Эркиндик бульвары жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен Chevrolet Spark үлгүсүндөгү авто унаа 2009-жылы туулган жөө адамды сүзүп качып кеткен. Натыйжада ал ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Chevrolet Spark үлгүсүндөгү авто унаанын 2002-жылы туулган Ж. аттуу кызды таап, Бишкек ШИИББинин жол кырсыктарын тергөө боюнча Тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдиришти кайгуул кызматы.
Айдоочу кыздын унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.