Бишкекте окуучу кызды унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткенге шектүү кармалды. Бул туурасында милициянын кайгуул кызматы тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, 29-октябрда Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен Шевроле Спарк үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуучуну сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 2009-жылы туулган өспүрүм кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилген.