Нарындагы Кара-Кече кенинде жер көчкү түшүп, экскаваторду басып калды

Нарын облусунун Жумгал районунда жер көчкү түштү. Учурда жеринде тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашат.
"Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинин забоюнда бүгүн, 3-ноябрда саат 13:30 чамасында жер көчкү түштү. Жер көчкү ошол жерде иш алып барган жеке ишкананын экскаваторун басып калган. Бактыга жараша, кырсык орун алган учурда айдоочу экскаватордун ичинде болгон эмес", - дешет маалымат кызматынан.
Кырсык катталган жерге саат 17:30да ыкчам топ тартылды. Учурда жер көчкүнүн көлөмү такталып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан