Казакстанда жубайы менен ажырашкан жаран "калыңды кайтарып берсин" деген арыз менен сотко кайрылды

Казакстандын Мангистау облусундагы жашоочулардын бири жубайы менен ажырашкан соң "ага берген калыңды кайтарып берсин" деген арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

"Мангистау облустук сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, арыз ээси жубайына жана анын туугандарына каршы жазган арызында калыңга берген 800 миң теңге (1 миң 870 доллар), бриллиант жана алтын жасалгалар, 2 килем жана 1 миллион 615 миң теңге (3750 доллар) өлчөмүндөгү каражатты кайтарып берүүлөрүн талап кылган.

Бирок ал жубайы тараптан кандайдыр бир материалдык зыян тартканын же ортодо макулдашылган милдеттенмелер бар экендигин далилдеген эмес".

Ал эми облустук сот доогердин арызын канааттандыруудан баш тартканы кабарланды.

"Үйлөнүү учурунда жубайлардын ата-энелери салтка ылайык ар кандай жөрөлгөлөрдү жасашат. Бирок бири-бирине ыктыярдуу түрдө берилген нерселерди кайтарып алуу сыяктуу иштер өлкө мыйзамдары менен жөнгө салынбайт", - деп билдиришкен облустук соттун өкүлдөрү.

Доогер апелляциялык арыз жазып, ишти кайра кароону жана күбөлөрдү чакырып суракка алууну суранган. Анткен менен сот арызды кайрадан канааттандыруусуз калтырып, чечим өзгөрүүсүз каларын билдиргени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2021-11-04 07:14:26
Тормоз экенсиңго, эркек сендей мелоч болбосо!
+4
elinur
2021-11-04 10:31:26
Макул калынды толоп берейин сен менин кыздыгымды толоп бер деп айтпаптырда
+7
Muratmipa
2021-11-04 13:21:54
elinur,азыр во проблема эмес азгана акчага кайра калыбына келтирип берет
-3
Sajakat14
2021-11-04 21:19:08
Muratmipa,сен эмне аялдарын кыздыгы чынбы же тигилгенби деп текшерип статистика жүргүздүңбү?
0
alimbek94
2021-11-04 14:43:55
Үй бүлөнүн бекемдиги калыңдан көз каранды эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан