"Бишкек "Ош базары" эмес". Баш аламан көрнөк-жарнактарды жөнгө салуу үчүн дизайн-код даярдалат

"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси борбор калаадагы көрнөк-жарнактардын дизайн-кодун даярдоодо. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчисинин биринчи орун басары Марат Жороев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, дизайн-коддун жардамы менен шаардагы баш аламан көрнөк-жарнактарды жөнгө салуу бир топ жеңилдейт.

"Дизайн-код бул - калаадагы жарнактардын бардык түрүн бирдиктүү жасалгада чыгарууга мүмкүнчүлүк түзгөн документ болуп саналат. Бул абдан маанилүү документ. Биз анын үстүндө бир жылдан бери иш алып барып жатабыз. Бирок ар кандай себептерден улам аягына чыкпай келүүдө. Азыркы тапта коңшу мамлекеттердин көп шаарларында дизайн-коддор иштеп жатат", - деди Марат Жороев.

Ал ошондой эле документтин техникалык регламенти даяр болуп калганын, бир аптадан кийин тегерек стол уюштуруп кеңири талкуу өткөрүлөрүн белгиледи.

"Биз муну шаардык кеңештин деңгээлинде талкууга алууну каалайбыз. Документ нормативдик укуктук акт катары кабыл алынып, мыйзам деңгээлинде бекитилишин көздөп жатабыз. Себеби шаардык кызматтарга ыйгарым укук берилип, мүмкүнчүлүктөр түзүлүш керек. Бул жаатта мыйзам бузгандарга карата ар түрдүү жазалар белгилениши зарыл", - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары шаардагы баш аламан көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү иштери жүргүзүлгөн соң эртеси кайра эле илип алып жатышканын маалымдады.

"Биз кайталанган мыйзам бузуулар үчүн айып пул салууга даярбыз. Дизайн-код жакшы натыйжаларды алып келет деген ишеничтебиз. Борбор калаанын көрүнүшүн жакшы багытка өзгөртүүчү программаларды ишке ашыра алабыз деп ишенем. Бишкек шаары "Ош базары" эмес", - дейт Жороев.

Марат Жороев ошондой эле бардык ишкана ээлерин шаардагы жарнактарды тартипке салуу иштерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2021-11-04 15:21:47
Бишкек "Ош базары"эмес деген сөзүнө кандай түшүнсө болот?Ош базары эмне башка шаарда жайгашканбы?Бул сөзү трайбалисттик мааниде эле айтылган түшүнгөн адамга.
Ош базарын тартипке келтире турган силерсинер!Т.Сарыбашев Ош шаарын кандай тартипке келтирип койду.Келип көрүп кеткиле.Колунардан б.к келбейт,анан ар нерсени сүйлөйсүңөр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан