Комузчу Назбек Кенчинбаев менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, скрипканын чебери Нурайым Азыкбаева кызына арнап той өткөрүшүүдө. Анда түгөйлөр кызынын тушоосун кесип, кыргыздын ырым-жырымын жасашты.
Салтанат борбор калаабыздагы тойканалардын биринде уланууда. Анда ырчы Чолпон Талипбек той ээлерин, тушоосу кесилген Айбийкени залдагы коноктордун алдына "Тай-тай" ыры менен алып чыкты.
Тойго катышып, бата берүүгө шоу-бизнес, маданият өкүлдөрү, жубайлардын жакындары катышууда. Кечеде Айбийке кыздын таятасы Курмангазы Азыкбаев бийди "тытып" жатканын байкоого болот.
Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева 2016-жылы август айында баш кошуп, 2020-жылы сентябрда кырк жылкылуу болушкан.