Белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков маданият кызматкерлеринин күнүндө төш белги тагынып, сыйлык алды. Ал SUPER.KG порталына маек берип жатып, бул сыйлыкты көптөн бери күтүп жүргөнүн айтты.
"Кудайга шүгүр. Министрлик тарабынан атайын чакыруу алып, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйландым. Ачыгын айтсам, бул сыйлыкты көптөн бери күткөм, убакыт-сааты эми келди окшойт, рахмат. Маданият өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасына бара жатканда сезимдерим анчалык деле эмес болчу, сыйлыкты алгандан кийин ушунчалык жагымдуу болду. Расмий түрдө алгандан кийин башкача толкундоо болуп, стимул жаралды. Муну алгандан кийин башкасын ойлой баштайт экенсиң", - дейт ал.
Ырчынын акыркы жаңылыктары, үй-бүлөсү, ден соолугу тууралуу маегин толугу менен видеодон көрүңүздөр.