Өзбекстанда Facebook, Telegram, YouTube жана Instagram'га чектөө киргизилди. Шавкат Мирзийоев жооптуу чиновникти кызматтан алды

Коңшу Өзбекстанда социалдык тармактар ​​жана мессенжерлердин иштөөсүнө чектөө киргизилгенден бир нече сааттан кийин "Узкомназораттын" жетекчиси Голибшер Зияев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, чиновникти "туура эмес жана карама-каршы иш-аракеттер үчүн" деп президент Шавкат Мирзийоев кызматтан алган. Өзбекстандагы социалдык тармактардын ишин чектөө чечимин Шавкат Мирзийоев “бир жактуу жана толук ойлонулбаган” деп атаган.

Окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлө турганын президенттин басма сөз катчысы билдирген.

Өзбекстанда социалдык тармактарга чектөөлөр 3-ноябрдан тарта күчүнө кирди. Бөгөттөлгөн социалдык тармактарга Facebook, Telegram, YouTube, Instagram, Одноклассники жана башкалар кирет. Буга чейин жөнгө салуучу орган дагы ушундай эле мыйзам бузуулар үчүн TikTok, Twitter, Skype жана Vkontakte сайттарына бөгөт койгон.

Социалдык тармактар ​​жеке маалыматтарды иштетүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ulia...
2021-11-04 11:32:35
Озбектерге жаман болуптурда
-1
bayern-munchen
2021-11-04 12:43:48
Ulia...,неге жаман болот
+3
rysik79
2021-11-04 13:08:10
Тик ток керек эмес бизге да
+2
KG-312
2021-11-04 13:30:59
Молодец, мынтпесе карысынан баштап жашына чейин маңкурт болуп кетишти!!!
0
Egizderim-baktim
2021-11-04 13:32:58
Шайлоону откоруп алып катуу кириштиго бул президент.
+1
Jaraisyn
2021-11-04 19:42:50
Бизде чектөө киргизген күнү Акүйдүн алдында Садыр кетсин башталат да. Дароо митинг болот, анын арты менен көбү пайдаланып алат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан