Бүгүн, 4-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.
Бүгүнкү мелдеште кыз-келиндер күрөшү уланат. Анда Дүйнө чемпиондугуна 57 килограмм салмакта Назира Марсбек кызы килемге чыгат. Ал алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда нигериялык балбан менен кез келет.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.
Ошондой эле 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы финалда күрөшөт. Ал финалда колумбиялык Татияна Рентерия аттуу балбан менен кез келет.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алат.