Баткен облусунун Кадамжай районундагы Сары-Алтын айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен турак үйдүн 3 бөлмөсү (аянты 126 чарчы метр), 60 даана шифер, 32 стропила жана башка үй эмеректери, техника, тиричилик буюмдар күйгөн.
Өрт саат 03:46да чектөөгө алынып, 05:03дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.