"Билдирүүнү өчүрүү мөөнөтү узарат". WhatsApp популярдуу функцияны жакшыртат

WhatsApp мессенжери чатта билдирүүнү өчүрүү функциясын өзгөртүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, WhatsApp буга чейин эле колдонуучуларга башка адамга жөнөтүлгөн билдирүүнү өчүрүүгө мүмкүндүк берген, бирок өчүрүү бир саатка жакын убакытта гана мүмкүн. Азыр компания билдирүүнү өчүрүү мөөнөтүн узарта турган функцияны сыноодон өткөрүүдө.

Иштеп чыгуучулар бул мөөнөттү эки айга чейин узартканы жатышат. Бул опция жаңы функция ишке киргенге чейин жөнөтүлгөн билдирүүлөр үчүн иштейби же жокпу белгисиз. Азырынча функция Android жана iOS үчүн программаны бета тестирлөө үчүн гана жеткиликтүү. Опция кийинчерээк WhatsApp`тын жалпыга ачык версиясында ишке киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан