Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатында орнотулган бастырмага болжол менен 25-30 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда) кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
"Абалы канааттандырарлык, колунан жаракат алган", - дешти ӨКМдан.