"Токтоо жана күчтүү". Айпери Медет кызынын Дүйнө чемпиондугундагы суктандырган сүрөттөрү

Бүгүн, 4-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери уланат.

Бүгүнкү беттеште кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы финалда күрөшөт. Анын финалдагы атаандашы колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу балбан болот.

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Баса белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда азырынча атаандаштарына бир дагы упай алдыра элек.

Финалдык беттеш бүгүн, 4-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ozgocho111
2021-11-04 13:32:26
Азамат алтын кыз
+14
alimbek94
2021-11-04 13:33:38
Бул сулуу жана ийгиликтүү спортчу кызга жашоодо ийгилик. Спортто каалаган бийиктиктерди багындыр, кыялына тайманбай жетип, эч кимге багынба!
Сенин ийгилигин башка кыздарыбызда жашоодо шыктандырууга жол ачат.
+8
alimbek94
2021-11-04 13:35:59
Ар дайым ушундай мыкты, сулуу, ийгиликтүү жана сүйкүмдүү спортчу бойдон кала бер.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан