Кочкордо КамАЗ кар күрткүгө тыгылып калды

Нарын облусунун Кочкор районунда КамАЗ кар күрткүгө тыгылып калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2-ноябрь күнү болжол менен саат 18:00 чамаларында Кочкор районунун аймагындагы Сары-Булак-Төлөк-Соң-Көл унаа жолундагы Калмак-Ашуу ашуусунда Кара-Кече көмүр кенинен Сары-Булак айылындагы социалдык объектилердин бирине көмүр тартып келе жаткан КамАЗ унаасы кар күрткүгө тыгылып калган.

Кечээ, 3-ноябрь күнү Кочкор райондук жарандык коргонуунун жол тейлөө кызматынан кызматкерлер тартылып, жол ачуу аракеттери көрүлгөн.

Унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан