Биз социалдык тармакта

"Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкери Ирлан Казбек уулу Казань шаарында белбоо күрөшү боюнча 1-орунду багындырды

Бүгүн, 4-ноябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен дүйнөлүк чемпионаттан биринчиликти жана байгелүү орундарды багындырган спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белбоо күрөшү боюнча биринчилик Татарстандын Казань шаарында 28-31-октябрь күндөрү өткөрүлгөн.

75 килограмм салмак ченинде ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Ирлан Казбек уулу 1-орунду багындырып, кыргыздын желегин бийик көтөрүп, өлкө гимнин жаңырткан. Спортчуларды тосуп алуу аземине президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла Жээнбеков, Жалал-Абад ОИИБинин жетекчисинин кадрлар боюнча орун басары Марат Масиркулов, ИИМдин «Шумкар» АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшан Кожобеков, машыктыруучулар, спортчулардын кесиптештери жана жакын туугандары катышты.

Иш-чара учурунда спортчулардын ийгиликтери облус үчүн чоң жетишкендик экендиги белгиленди. Аларга мындан ары да жогорку ийгиликтерди багындыруу тилектери айтылып, бир катар сыйлыктар тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
-FREEDOM-
2021-11-04 17:11:50
Азаматсынар! Кыргызымдын жигиттер,селерди жакшы кором
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан