Петровкадагы №8 түзөтүү абагына тыюу салынган буюмдарды абакка киргизүү аракети токтотулду

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан тыюу салынган буюмдарды абакка киргизүү аракети токтотулду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында мекеменин кызматкерлери тарабынан атайын жыты бар кочкул жашыл зат баштыкка оролгон абалда келген. Жалпы салмагы 680 грамм. Аны кызматкерлер кармап, тийиштүү органдарга өткөрүп беришкен.

Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн Москва РИИБинин бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан