Чүйдө 24 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 12-октябрда Чүй ОИИББине Жайыл районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын 24 жаштагы тургуну Ж.М. денесинен оор жаракат алып түшкөнү маалым болгон. 19-октябрда жабырлануучу денесинен алган жаракатынан эсине келбей ооруканада көз жумган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси "ден соолукка оор залал келтирүү" боюнча катталган.
"Ж.М. Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жүргөн жеринен достору тарабынан сабалган. Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышты жасоого шектүү катары 24 жаштагы А.И. кармалып, эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошондой эле бир күн мурун милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар дагы эки жаран 1990-жылы туулган Т.В. жана 1969-жылы туулган А.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери уланууда", - деп айтылат.