Талас облусунун Кара-Буура районунда өзгөчө оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул туууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кара-Буура районунун тургуну 1971-жылы туулган Б.Б. зордуктоо беренеси менен шектелип, тергөө амалдарынан изин жашырып качып жүргөндүгүнө байланыштуу 2021-жылдын июнь айында Кара-Буура райондук милиция тарабынан издөө жарыяланган.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш жүргүзүүлөрүнүн натыйжасында аталган жаран Бишкек шаарынан кармалып, Кара-Буура РИИБине жеткирилди", - деп билдиришти ИИМден.
Түшкөн маалыматтарга ылайык, ал жакын туугандарыныкында жашырынып жүргөн, ошол учурда милиция кызматкерлери колго түшүрүштү. Соттук өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүү азыркы учурда тергөөдө сурак берүүдө.
Аталган факты боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.