4 жашар кыз каза тапкан тигүүчү цехтеги өрт боюнча кылмыш иши ачылды

Бишкек шаарындагы Аммосов №37 дарегинде жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыгып, 4 жашар кыз каза болгонун ӨКМ маалымдаган. Бул окуя боюнча кылмыш иши ачылганын Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Милиция бөлүмүнө саат 12:40 чамасында тигүүчү цех күйүп жатат деген билдирүү түшкөн. Жерине барган ыкчам топ коопсуздук үчүн жарандарды эвакуациялап, имаратты курчоого алган.

"Өрт чыккан үйдө 2017-жылы туулган А.А. аттуу кыз калып калган, кырсыктын кесепетинен ал каза болду. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 261-берене ("өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлө баштады", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-ноябрда Пишпек районунда жайгашкан тигүүчү цехтен өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм, 1 штаб тартылып, өрт саат 17:12де толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен 4 жашар кыз каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elmira.
2021-11-05 00:25:04
Не балээ деп жазып койгон темасын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан