Биз социалдык тармакта

Электр зымдары жана сырткы жасалгасы күйгөн. "Novotel" мейманканасындагы өрт толук өчүрүлдү

Борбор калаадагы "Novotel" мейманканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мейманкананын электр зымдары жана сырткы жасалгасы күйдү.

"Учурда өрттүн келип чыгышынын так себеби териштирилүүдө", - дешет мекемеден.

Бүгүн, 4-ноябрда Манас көчөсүндө жайгашкан "Novotel" мейманканасынын электр калканынан өрт чыкканы маалымдалып, өрт саат 16:12де чектөөгө алынган.

"Novotel" мейманканасы сентябрь айында гана ачылып, ишин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан