
Бүгүн, 4-ноябрда Кытай өкмөтү тарабынан азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, жүктөрдү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду алды дешет ӨКМнын маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, 1150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майы 58 контейнерге жүктөлүп келди.
"5-октябрдан 25-октябрга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан контейнерлер түшүрүлгөн. Гуманитардык жүктөр министрлер кабинетинин атайын токтомуна чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасында сактоого коюлду", - дешет министрликтен.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Кытайдын Кыргыз жергесиндеги элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык жардамды кабыл алуу жана өткөрүү актысына кол коюшту.