Шавхат Мирзийоевдин инаугурациясы 6-ноябрга белгиленди

Өзбекстанда 24-октябрда болуп өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Шавхат Мирзийоевдин инаугурация салтанаты 6-ноябрда өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, президенттин инаугурациясына өзбек парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын өкүлдөрү, өкмөт өкүлдөрү жана дипломаттар катышат.

Инаугурация салтанаты парламент сенатынын жаңы курулган имаратында өтөөрү кабарланат.

Эске салсак, коңшу өлкөдө президенттик шайлоо 29-октябрда өткөрүлгөн. Ага шайлоочулардын 80,8 пайызы катышкан. Ал эми Шавхат Мирзийоев жалпы шайлоочулардын 80,1% добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан