Чүй облусунда белгисиз жаран түзөтүү абагына баңги затын таштап кетти. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, окуя Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагында катталды.
"Баңги заттар ЖАМКнын кызматкерлери тарабынан алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган зат гашиш, жалпы салмагы 680 граммды түзөт. Маңзат эки баштыкка салынып, скотч менен оролгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Чүй облусунун Москва РИИБине өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.