АКШнын эл аралык агенттиги Кыргыз өлкөсүнө 3 миллион долларга чукул каражат бөлөт. Эмнеге?

Кыргыз Республикасын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо үчүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) кошумча 2 миллион 800 миң доллар бөлөт. Мындай маалымат АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги тарабынан белгилүү болду.

"Каржылоо эмдөө аракеттерин колдоого, медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттыкты сактоонун маалымат тутумдарын жакшыртууга жардам берет. Ошондой эле вакциналарды ташуу, сактоо жана башкаруу, эмдөөдөн кийин медициналык таштандыларды туура жок кылуу, вакцина боюнча кеңеш берүү сыяктуу иш-чаралар колдоого алынат. Булардын баары эмдөө кампаниясынын ийгиликтүү болушуна абдан маанилүү", - деп айтылат билдирүүдө.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери АКШ Кыргыз өлкөсүнө 8 миллион доллардан ашык каражат бөлдү. Бул каражат жеке коргонуу шаймандарын сатып алуу, лабораторияларды жаңыртуу, саламаттыкты сактоо маалымат системасын жакшыртуу, медициналык адистерди окутуу, COVID-19 тууралуу маалымат берүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан