Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүү өтүнүчү менен шаардык мэрияга кайрылышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.
"Айдоочулардын суроо-талабы боюнча шаардык мэриянын транспорт бөлүмүнүн иш башкармалыгы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жакынкы арада маселени шаардык кеңешке жөнөтүү чечимин кабыл алды", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, шаардагы кичи маршруттук таксилердин учурдагы жол кире акысы 10 сомду түзөт. Шаарда 1000ден ашык маршруттук такси кызмат көрсөтөт.