Биз социалдык тармакта

Нарында эки жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Алардын бири 9 жылдан бери табылбай келет

Нарында дайынсыз жоголуп кеткен эки жаран изделүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, алардын бири 9 жылдан бери дайынсыз болууда.
Изделип жаткан жарандын бири 1987-жылы туулган Рахат Жаныбеков. Ал ушул жылдын 19-октябрь күнү болжол менен түнкү саат 2:00 чамасында Тоголок Молдо айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Рахат Жаныбековдун бою 165-170 сантиметр, чачы кара, кыска. Маңдайкы үстүндөгү эки кашка тиши жок, сол бутунун же оң бутунун кетменинде күйүктүн тагы бар.
Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү кепка, үстүндө кара күрмө, эки жеңинде ак сызыгы бар спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим.
Ал эми изделип жаткандардын экинчиси 1966-жылы туулган Казыбек Султаналиев. Ал 2012-жылдын 20-февраль күнү саат 07:00 чамасында Ак-Кыя айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайыны белгисиз болууда.
Белгилери: Бою 165-170 сантиметр. Оң колунун билегинде факелдин татуировкасы тартылган жана баш сөөгүнүн төбөсүндө 3 сантиметр тырыгы (шрам) бар.
2011-жылы башына оор операция жасалып, ошондон кийин эс-тутуму жабыркаган.
Аты аталган жарандарды көргөн, билгендер болсо Ак-Талаа РИИБине билдирип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефондору: 03537 92-1-87, 0502335445.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан