Букет гүл, шоколад менен кошо... Орусияда уурулар Олимпиада чемпионунун медалдарын өзгөчө түрдө кайтарып беришти

Орусияда уурулар Олимпиада чемпиону, теннисчи Елена Веснинанын үйүнөн уурдап кеткен медалдарын букет гүл жана шоколад кошуп кайтарып беришти. Бул тууралуу спортчу айым Инстаграм баракчасы аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Спортчунун айтымында, медалдарын уурдап кеткендер анын буюмдарын өзгөчө ыкмада кайтарып беришкен. Кечке маал спортчу айымдын үйүнө курьер келип, букет гүл жана шоколад толгон кутуча таштап кеткен. Анын ичинде мурда уурдалган Олимпиада медалдары жана чемпиондук шакекчеси болгон.

"Уурулар медалдарымды кайтарып беришти. Азыр тиешелүү кызматкерлер аларды экспертизадан өткөрүү үчүн алып кетишти. Мен чынында медалдарымды кайра көрөм деп ойлогон эмесмин. Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Учурда полиция ууруларды издеп жатат. Мен эч нерсени ойлонгум келбейт. Жашоо адаттагыдай эле өтүүдө. Акыры жакшылык жеңет деп ишенем", - деп жазып калтырган спортчу айым.

Ал ошондой эле медалдарын кайтарып берген ууруларды "романтиктер" деп атаган.

Эске салсак, Елена Веснина 12-сентябрда Олимпиада оюндарында уткан медалдарын уурдап кетишкенин билдирген. Анын айтымында, белгисиз адамдар жолдошу экөө үйдө жок кезде алтын жана күмүш медалдарын, чемпиондук шакекчесин жана башка кымбат баалуу буюмдарын алып кетишкен.

Спортчу айым учурда 35 жашта. Ал быйылкы Токио Олимпиадасында күмүш медаль жеңип алган. Ошондой эле 2016-жылдагы Рио Олимпиадасынын чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан