Ички иштер министрлиги басма сөз жана маалымат күнү алдында медиа өкүлдөрүн куттуктады

Ички иштер министрлиги басма сөз жана маалымат күнү алдында медиа өкүлдөрүн куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өздүк курамы катышты.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов ЖМКнын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, заманбап дүйнөдө жалпыга маалымдоо каражаттарына калкты актуалдуу болгон коомдук-саясий абал тууралуу так маалыматтарды жеткирүү, мамлекеттик органдар менен конструктивдүү маек куруу, жарандык коомдо ачыктык чөйрөсүн түзүү боюнча өзгөчө жоопкерчиликтүү миссиясы жүктөлгөн.

Маалымат чөйрөсү коомдук ой-пикирди калыптануусуна маанилүү ролду ойнойт. Бүгүнкү күндө өзүнүн мамлекетине ар-намыс менен кызмат өтөп, элдин үнү болууга ар бир журналисттин милдети. Массалык маалымат каражаттары элдин кызыкчылыгын жан аябастан коргоп, элдин үмүтүн чагылдыра тургандыгын айтты.

“Журналисттер кесиптик чеберчиликке гана эмес, жогорку моралдык принциптерге жана объективдүү да ээ болууга тийиш. Заманбап шарттарда журналисттердин милдети ишенимдүү жана так маалыматты жеткирүү гана эмес, ошондой эле өз кесибинин кадыр-баркын сактоо, анын жарандык баалуулугун жогорулатуу болуп саналат”, - деп Адылбек Бийбосунов белгиледи.

Министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов журналистерди кызматташууга жакшы өбөлгө түзүп, Ички иштер министрлиги менен өз ара аракеттенүүдө дайыма жардам көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн чын жүрөктөн ыразычылыгын билдирип, ар дайым турмуштун кагылышынан тайбай, калемдин курчтугун жоготпой, кызмат кылууңуздарды каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан