Орусияда 75 жаштагы жаран аялын жана небересин өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйды

Пермь шаарынын тургуну аялын жана небересин өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Пермь шаарынын тургуну аялын жана небересин өлтүрүп, андан соң жанын кыйган. Окуя шаршемби күнү Киров районундагы батирлердин биринде болгон. Үйүнө кайтып келген жергиликтүү тургун анын 65 жана 75 жаштагы ата-энесинин жана 17 жаштагы уулунун жансыз денесин тапкан. Тергөөчүлөр кылмышты ошол эле батирде жашаган 75 жаштагы үй-бүлө башчысы жасап, окуядан кийин өз жанын кыйганын аныкташкан.

Бул факт боюнча Тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголуп, окуя болгон жерди соттук-медициналык технологиянын жардамы менен карап чыгып, керектүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
almanbetperm
2021-11-05 13:02:32
Пермь быйыл жаман хит болдуго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан